ИНФЕКЦИЯ
ИНФЕ́КЦИЯ (лат. inficio – зыян келтирем, жуктурам) – адамдын же айбанаттын организмине патогендүү (оору козгоочу) митенин кириши ж-а көбөйүшү. Организмге кирген инфекция козгогучу бир органда же тканда кармалат. Мисалы, эволюциялык процессте котур кенеси теринин эпителий катмарына, баш келте козгогучу кан тамыр капталына, грипп вирусу дем алуу жолдорунун былжырлуу челине мителик кылууга ыңгайлашкан. Организмге мите киргенде мите м-н организм ортосунда инфекциялык процесс жүрөт. Инфекциянын бул же тигил түрүнүн пайда болушу козгогучтун касиетине, организмдин абалына, ооруну кабыл алгычтыгына жараша болот. Патогендүү микроорганизмдердин кээ бирлери ар кандай жаныбарларды ылаңдатат, көбү жаныбардын айрым түрүнө гана мителик кылат. Инфекция козгогучтун түрүнө жараша бактериялык, вирустук, мите козу карындык, риккетсиялык ж. б. болуп бөлүнөт. Ал катуу кармаган, өнөкөт же инфекция алып жүрүүчүлүк түрүндө билинет. Инфекция булагы – оорулуу же козгогучту алып жүрүүчү организм. Ичеги-карын ооруларынын (дизентерия, ич келте ж. б.) козгогучу заң, заара м-н бөлүнөт, тамак аш м-н; дем алуу жолдорунун ооруларынын козгогучу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, дем алганда аба аркылуу жугат. Баш келте, безгек ж. б. ооруларда козгогуч мителик кылган кан соргуч курт-кумурска (бит, бүргө, чиркей) аркылуу тарайт.
Д. Раимбеков.