ИОРДАНИЯ
ИОРДА́НИЯ , И о р д а н Х а ш и м и т К ор о л д у г у (Аль-Мамляка аль-Урдуния аль- Хашимия) – Батыш Азиядагы мамлекет. Түндүгүнөн Сирия, чыгышынан ж-а түндүк-чыгышынан Ирак, түштүгүнөн ж-а түштүк-чыгышынан Сауд Арабиясы, батышынан ж-а түндүк-батышынан Израиль м-н чектешип, түштүк-батышынан Кызыл деңиздин Акаба булуңу м-н чулганат. Аянты 96,2 миң км2 (Иордан дарыясынын батыш тарабындагы 6,6 миң км2 жерди 1967-жылдан Израиль басып алган). Калкы 5,9 млн, анын ичинде 0,85 млну Израиль оккупациялаган аймакта жашайт (2008). Борбору – Амман шаары. Расмий тили – араб тили. Акча бирдиги – иордан динары. Административдик-аймактык жактан 12 мухафазага (губернаторлукка) бөлүнөт.
Таблица
Иордания – БУУнун (1955), ЭВФтин (1952), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1952), Араб өлкөлөрү лигасынын (1945), Ислам конференциясы уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2000) ж. б. мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Иордания унитардык өлкө. Конституциясы 1952-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – дуалисттик монархия. Мамлекеттин, аткаруу ж-а мыйзам чыгаруу бийлигинин башчысы король. Мамлекеттин аталышы (Хашимит) бийлик династиясынын Мухаммед пайгамбардын уруусунан чыгышына байланыштырылат. Мыйзам чыгаруу бийлиги королго, Депутаттар палатасынан (110 депутат, 4 жылга) ж-а Сенаттан (55 сенатор, 4 жылга дайындалат) турган эки палаталуу парламентке – Улуттук жыйынга таандык. Аткаруу бийлиги король м-н өкмөт тарабынан ишке ашырылат. Премьер-министр король тарабынан дайындалат, ал эми премьер-министр өкмөттүн курамын – министрлерди (королдун макулдугу ж-а Парламенттин колдоосу м-н) бекитет. Бардык мыйзамдар король кол койгондон кийин гана күчүнө кирет. Иорданияда жарандык, диний ж-а атайын соттор бар.
Саясий партиялары: Иордания араб улуттук демократиялык уюму, Иордания эл биримдиги демократиялык партиясы, Ислам кыймылы фронту, Араб социалисттик кайра жаралуу партиясы, Иордания профсоюздарынын конфедерациясы.
Табияты. Иорданиянын басымдуу бөлүгүн денудациялык түздүктөр ж-а супа сымал түзүлүштөгү плато ээлейт. Рельефи базальттуу платолор (Харратэр-Ружайла), жапыз калдык тоолор ж-а шортоң ойдуңдар м-н татаалдашкан. Жеринин бети таштак келип, кургак сайлар (вади) м-н өтө тилмеленген. Батыш бөлүгүндө түндүктөн түштүктү карай жайпак чокулуу Эш-Шара тоо-
лору (бийиктиги 1757 м, Рам чокусу, өлкөнүн эң бийик жери) созулуп жатат. Батышында тектоникалык Гхор (Эль-Гор) өрөөнүндө туюк Жансыз деңиз (көлдүн деңгээли деңиз деңгээлинен 418 м төмөн) жайгашып, ага Иордан дарыясы куят. Өрөөндүн эки тарабынан Сирия-Палестина тоолору орун алган. Климаты субтропиктик, жайы ысык (июлда 24–30°С), кышы жылуу (январда 8–14°С). Жылдык жаан-чачыны батышында 500–700 мм, чыгышында 100 ммге чейин. Туруктуу аккан
дарыялары аз, вади, сайлар арбын кездешет. Жарым чөл ж-а чөл өсүмдүктөрү басымдуу, оазистер сейрек кездешет (анда негизинен курма пальмасы өсөт). Иорданиянын аймагынын 1%тейин токой ээлейт. Иорданияда жалпы аянты 913,3 миң га болгон корукка алынган 11 аймак, анын ичинде Вади- Рам, Петра улуттук парктары, Дана биосфералык резерваты ж. б. бар. Акаба булуңундагы коралл (шуру) рифинин экосистемасын коргоо максатында деңиз резерваты уюштурулган.
Калкы. Калкынын 95%тейи арабдар (иорданиялыктар, палестиналыктар, ирактар, сириялыктар, сауд арабдары ж. б.); калгандары «черкестер», друздар, армяндар, цыгандар, азербайжандар, күрддөр, англистер ж. б. Төрөлүү (1000 адамга 20,7 бала туура келет) өлүм-житимге караганда (2,7 бала) алда канча жогору. Иорданиянын калкы 1960-жылдан кийин 3 эседен ашык өскөн, анын негизги себептери – калктын табигый өсүүсү (3,7%) ж-а миграциялык агым (негизинен Ирактан). 15 жашка чейинки балдар калктын 33%ин, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64) 63%ин, 65 жаштан өткөндөр 4%ин
түзөт. Калкынын 92% мусулмандар, 6%ке жакыны христиандар. Ислам мамлекеттик дин болуп саналат. Калкынын орточо жыштыгы – 1 км2 жерге 66,2 адам. Шаар калкы 79%. Ири шаарлары: Амман (калкы 1,2 млн; 2008), Эз-Зарка (447,9 миң), Иерусалим (чыгыш бөлүгү), Ирбид (292,0 миң, агломерациясы м-н 774,2), Эр-Русайфа (291,7 миң), Вали-эс-Сир (151,9 миң). Тарыхы. Өлкө аймагын байыркы заманда семит уруулары мекендеген. Б. з. ч. 1-миң жылдыкта анын аймагынын бир бөлүгү Израиль ж-а Иудей падышалыктарына караган. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягынан б. з. 2-кылымына чейин аймакта байыркы арабдардын мамлекети – Набатей падышалыгы болгон. Иордания аймагына 2–4- кылымдарда Рим, 4-кылымда Византия, 7-кылымда арабдар, 11– 15-кылымдарда кресттүүлөр, селжуктар, египеттик мамлюктар басып кирген. Араб халифатына кирген соң, Иорданиянын калкы ислам динин ж-а араб тилин кабыл алган. 16-кылымдын башынан 1918-жылга чейин Осмон империясына карап, биринчи дүйнөлүк согуштан (1914–18) кийин Улуу Британия мандатындагы Палестинага кошулган. Колониячылар 1921-жылы Иорданиянын бир бөлүгүндө (Иордан дарыясынын чыгышы) өзүнчө Трансиордания эмирлигин түзгөн, бирок иш жүзүндө аны Палестинаны
сурап турган англиялык колониячылар бийлеген. 1928-жылы Трансиорданияга Улуу Британия өз мүдөөсүн көздөгөн келишимди таңуулаган. Ушул эле жылы Хашимиттер бийлиги конституция м-н бекемделген. Ушулардан улам нааразычылык күчөп, өлкөдө боштондук үчүн кыймыл жайылган. 1946-жылы 25-майдан Англия–Иордания келишиминин (22.3.1946) негизинде Иордания Хашимит Королдугу деп аталып, эмир Абдаллах король болуп жарыяланган. 1948–49-жылдардагы араб-израиль согушунан улам Палестинанын борбордук райондору (Иордан дарыясынын батыш, Иерусалимдин чыгыш бөлүктөрү ж. б.) Иорданияга кошулган. Король Абдаллах өлтүрүлгөндөн кийин 1951-жылы
Абдаллахтын уулу Талал такка отурган, бирок ден соолугуна байланыштуу бийликти 1953-жылы уулу Талалга өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. 1954-жылы патриотчул Улуттук фронт түзүлгөн ж-а ал 1956-жылы парламентке шайлоодо жеңип чыгып, өкмөттүн башына Улуттук социалисттик партиянын лидери С. Набулси келген. Улуу Британия 1957-жылы февралда Англия-Иордания келишимин жоюп, Иорданиядан аскерлерин чыгарып кетүүгө аргасыз болгон. 1957-жылы апрелде король мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген С. Набулсинин Өкмөтүн кетирген. 1967-жылы кайрадан тутанган Израиль м-н болгон согуштан соң, 1948–49-жылдардагы кошулган жерлерин жоготкон. 1971-жылы Иордания аскерлери өлкөнүн аймагындагы палестиналыктардын согуштук базаларын жок кылган. 1988-жылы Иордания Иордан дарыясынын батыш бөлүгү м-н болгон расмий байланышын үзгөн. 1994-жылы Иордания ж-а Израиль тынчтык келишимин түзүп, келишимдин шарты боюнча Израиль 1967-жылы басып алган аймактарын кайтарып берген. Король Хусейин бек Талалдын (1953–99-жылдарда башкарган) экономиканы көтөрүү, коомдук-саясий турмушту либералдаштыруу ж-а Жакынкы Чыгыштагы абалды турукташтыруу курсун уулу король Абдалла II бен аль-Хусейин улантууда.
Экономикасы. Иордания – табигый ресурстарга жарды; экономикасы көбүнчө сырткы соодага ж-а башка өлкөлөрдүн каржылоосуна байланыштуу; ошондой эле эмгек мигранттарынан түшкөн (жылына 1 млрдга жакын) акчанын да мааниси зор.
ИДПнин көлөмү 30,03 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 5100 доллардан туура келет. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 85,8, өнөр жайыныкы 10,3, айыл чарбаныкы 3,9 (2006). 1967-жылкы Израилдин агрессиялык саясатынан улам Иорданиянын чарбасы чоң зыян тарткан. Нефть (2005-жылы 8 миң баррель; Хамза кени), газ (294 млн м3, Эль-Ариша аймагында) казылып алынат. Нефть ылгоочу жалгыз заводу Эз-Зарка шаарында жайгашкан. Чакан нефть-химия ишканалары пластмасса, сыр, идиш-аяк жуучу каражаттарды чыгарат. 2006-жылы 9,2 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн (негизинен газды пайдаланган ЖЭСтен). Эль-Ярмук дарыясында ГЭС курулууда (2008). Металлургия ишканалары (11 заводд иштейт) болот чыгарат. Негизги химия продукциялары (поташ, кислота, минералдык жер семирткичтер ж. б.) негизинен жергиликтүү ресурстардын базасында өндүрүлөт. Фосфорит (6,4 млн), Жансыз деңизден минералдуу туз, курулуш материалдардан акиташ теги, чопо, мрамор ж. б. казылып алынат; цемент чыгаруу өнөр жайы өнүккөн. Фосфор ж-а калий жер семирткичтери, фосфор кислотасы, бром, күкүрт кислотасы, түрдүү химикаттар, кайнатма туз өндүрүлөт. Фармацевтика өнөр жайы өнүккөн. Жансыз деңиздин тузунун ж-а баткагынын негизинде косметикалык продукция даярдалат. Жеңил (кездеме, кийим ж. б.), тамак-аш (сүт продуктулары, зайтун майы, ун ж. б.) өнөр жайлары да өнүккөн.
Кургакчыл климат айыл чарбасынын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылат; өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө дыйканчылык сугатка муктаж. 21-кылымдын башталышынан агрардык өндүрүштө иштөөгө мигранттар (негизинен Египеттен) көп тартыла баштаган. Аймагынын 6–7%ке жакыны айдалат (анын 1/3 и сугарылат). Негизги дыйканчылык аймагы – Иордан дарыясынын өрөөнү; ал жерде жемиш бактары, цитрус өсүмдүктөрү, банан, жүзүм, томат, бадыраң, баклажан, буудай, арпа, ошондой эле жүгөрү, ак жүгөрү, картөшкө, пияз, капуста, жасмык ж. б. өстүрүлөт. Ирригациялык максатта Иордан дарыясына канал, Эз-Зарка, Эль-Кафрайн, Шуайб ж. б. дарыяларда суу сактагычтар
курулган. Бодо мал, төө, кой ж-а эчки асыралат. Акаба булуңунан балык кармалат.
Тейлөө чөйрөсү – өлкөнүн экономикасынын ири сектору. 20дан ашык банк (анын ичинде Борбордук банк, Араб коммерциялык банкы ж. б.) ж-а Амманда фонд биржасы иштейт. Жылына 5 млндон ашык чет элдик турист келет. Дарылоо – ден соолукту чыңдоо туризминин негизги аймагы – Акаба булуңу м-н Жансыз деңиздин пляждары, ошондой эле деңизге жакын жайгашкан ысык булактар. Иорданияда авиация экипажын окутуунун жаңы системасы түзүлүп, ал араб ж-а африка авиакомпанияларына кызмат көрсөтөт.
Темир жолунун узундугу 505 км; негизги магистралы өлкөнү түндүктөн түштүккө кесип өтөт. Автомо-
Иордания акчасы. Сүрөтү.
биль жолунун жалпы узундугу 7,5 миң км; негизги автомагистралдары: «Чөл шоссеси» (Эр-Рамта – Амман – Маан – Акаба; узундугу 320 кмден ашык); Эль-Мафрак–Ирактын чек арасына чейин. Негизги туристтик трассасы: Амман–Иерусалим. Деңиз порту – Акаба (Кызыл деңиздин Акаба булуңунда). Эль-Жизе (Аммандан 40 км түштүк тарапта), Акаба шаарларында эл аралык ири аэропорттору бар. Магистралдык куур транспортунун жалпы узундугу 475 км (2006), анын ичинде газ куурунуку 426 км (эң ириси Египеттен Акабага, андан ары өлкөнүн түндүгүнө кетет), нефть куурунуку 49 км. Сыртка поташ, фосфорит, минералдык жер семирткич, фармацевтика продукцияларын, текстиль ж-а тигилүү буюмдарды, жемиш ж. б. чыгарып, сырттан нефть, газ, машина ж-а жабдууларды, азык-түлүк, кездеме ж-а ийрилген жип ж. б. алат. Соода шериктери: Сауд Арабиясы, Ирак, Сирия, Бириккен Араб Эмирликтери ж. б. араб өлкөлөрү, АКШ, Германия, Индия, Кытай.
Маданияты. Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбия, милдеттүү базалык (6 жылдык башталгыч, 4 жылдык толук эмес орто), 2 жылдык толук орто же кесиптик-техникалык билим берүүнү камтыйт. 2004-жылы балдардын 30%и мектепке чейинки мекемелерде тарбияланган, 6–12 жаштагы балдардын 91%и башталгыч мектепте, ал эми 12–18 жаш курактагылардын 87%и орто мектептерден билим алган. Билим берүү араб тилинде жүргүзүлөт, көпчүлүк мектептерде англис тили да окутулат. Өлкөдө 15тен ашык мамлекеттик ири университет, 10дон ашык менчик университет бар. 35 миңге жакын студент чет өлкөлөрдө, негизинен АКШ ж. б. араб өлкөлөрүндө билим алууда.
Амманда калк китепканасы (1958), университеттердин китепканалары бар. Музейлери: археология, ислам, элдик искусство ж-а кийим; Улуттук көркөм өнөр ж-а мозаика галереялары (баары Амманда). Иорданияда 44 наамдагы гезит-журналдар чыгат (2004). Белгилүү араб тилинде «Ар-Рай» (1971), «Ад-Дустур» (1967), англис тилинде «Джордан таймс» (1975); радио уктуруу 20-кылымдын 50-жылдарынын башында башталган, 12 радиостанция иштейт. Иордания телекөрсөтүүлөрү эки канал боюнча, биринде – араб тилинде, экинчиси – чет элдик телекөрсөтүүлөрү берилет. Жаңылыктары араб, француз, англис ж-а иврит тилдеринде чыгарылат.
Адабияты араб тилинде өнүгүүдө. Улуттук иордан адабиятынын калыптануусу алгачкы адабий жыйындардын демилгечиси Иорданиянын биринчи королу Абдаллах ибн Хусейндин ысымы м-н байланыштуу.
Көркөм өнөр палеолит, жолиттен башат алат.
Кабатай аска сүрөттөрү, эллин маданиятынын эстеликтери сакталган. Рим мезгилинде архитектура м-н искусство гүлдөп өнүккөн. Араб халифатынын курамында Иордания орто кылымдагы араб-мусулман көркөм маданиятынын очогу болгон. Жаңы мезгилдин архитектурасына заманбап курулуштар мүнөздүү.
Жалпы арабдык ж-а улуттук салттардын жалпы европалык адабияттын ар кыл формалары м-н айкалышуусу Иордания адабиятынын негизги мүнөзүн аныктайт.
Элдик музыка м-н катар классикалык музыкасы өнүгүүдө. Улуттук консерватория (1986), симф. оркестр иштейт. 1950-жылдарда тарыхый ж-а диний темадагы спектаклдер коюлган. 1964-жылы Амманда биринчи театр труппасы, 1951-жылы театр ишмерлеринин ассоциациясы уюшулган. Амманда бир нече театр иштейт. Музыка ж-а театр фестивалдары өткөрүлүп турат. Улуттук киноиндустрия өнүгө элек, бирок телесериалдар тартылат. 2003-жылы жаштарга кинематографиянын негиздерин үйрөтүүгө багытталган Амман кинематографисттер бирикмеси уюшулган. Даректик киножанрында эмгектенген кино ишмерлеринин ичинен А. Хасан ж-а Н. Хасандын ысымдары кеңири белгилүү. 2005-жылдан Амман ш-нда кинофестиваль өткөрүлөт.
Ад.: Гаврилин В. Г., Корешков В. В. Иордания: пути развития. М., 1985; Конков В. М. и др. Иордания // Новейшая история арабских стран Азии. 1917–1985. М., 1988; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Аганин А. Р., Соловьева З. А. Современная Иордания. М., 2003; Деловая Иордания ... в 2002–2003. М., 2003–2004. Т. 1–2; Иордания // Большая Российская энциклопедия. Т. 11. М., 2008.
Б. Мудаева, Ш. Керимова.