ИОНОСФЕРА
ИОНОСФЕ́РА (иондор ж-а sphaira – шар) – Жер атмосферасынын 75 кмден 1000 кмге чейинки иондошкон калың катмары. Ионосферанын бар экендиги жөнүндөгү ойду англиялык физик Б. Стюарт 1882-жылы алгачкылардан болуп сунуштаган. Ионосферада Күндүн ультра кызгылт көк ж-а корпускулалык нурлары, ошондой эле космос нурлары газ молекулаларын кескин ажыратып, иондорду ж-а электрондорду пайда кылат. Алар Күн нурун өзүнө сиңирип алгандыктан, бийиктеген сайын ионосферада температура жогорулап, 800–1000°Сге жетет. Ионосферанын өткөрүмдүүлүгү жогору болгондуктан, радиотолкундарды бүткүл диапазондо, кыскасынан узунуна чейин чагылтат ж-а алыскы байланышты түзүүнү камсыз кылат.