ИНКУБАТОР
ИНКУБА́ТОР (лат. incubatio – жөжө чыгаруу) – куш жумурткасынан жөжө чыгаруучу аппарат. Секциялуу, бөлмөлүү ж-а шкафтуу инкубаторлорго бөлүнөт. Тропик өлкөлөрүндө жылууланган идиш, меш ж. б. түрүндөгү жөнөкөй инкубаторлор илгертен эле белгилүү болгон. Алгачкы инкубатор 19-кылымда Европада ж-а АКШда чыгарылган. СССРде инкубатор 1928-жылдан жасала баштаган. Инкубатордо туруктуу режим сакталып, жумуртканын 95%тейинен жөжө чыгат. Анда температура, нымдуулук, жумуртканы которуштуруу ж. б. процесстер автоматтык түрдө башкарылат. Инкубатордун негизги бөлүктөрү: корпус-термостат; ал айрым үч же алты инкубациялык камерадан турат, ар бир камера автономдуу электр аппараттары м-н жабдылган, ал камераны автоматтык түрдө жылытып, желдетип, нымдуулукту текшерет; камераны жылдырып туруучу механизмдер; жылытуу системасы; ным ж-а аба алмаштыргыч; муздаткыч; башкаруу ж-а электр м-н жабдуу механизмдери. КМШ өлкөлөрүндө үй куштарынын бардык түрүнүн жумурткасын инкубациялоочу «Универсал», «Кавказ», «Рекорд» сериясындагы инкубаторлор чыгарылат.