ИОНИЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 8 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИОНИЛЕР , и о н д о р – Байыркы Грекиядагы уруулардын бири. Уруунун түпкү атасы деп эсеп­телген мифологиялык кереметтүү баатыр Иондун аты­нан аталган. Аттикада Эвбей аралынын бир бөлүгүн­дө, Хиос, Самос, Наксос ж. б. аралдарда жашаган. Б. з. ч. 11–9-кылымдарда Кичи Азиянын батыш жээги­нин ортоңку бөлүгүн, андан соң Кара деңиз ж-а Мрамор деңиздеринин жээктерин ээлеген. Кеңири тараган ион диалектисинде Гомердин поэмала­ры, Геродоттун чыгармалары ж. б. адабияттар, эпиграфиялык эстеликтер сакталып калган.