КАРА-БУЛАК МАДАНИЯТ ЭСТЕЛИКТЕРИ
КАРА-БУЛАК МАДАНИЯТ ЭСТЕЛИКТЕРИ - о. кылымга таандык шаар калдыгы. Лейлек р-нунун борбору Исфананын түш.-чыгыш тарабында, Кара-Булак кыш-нын аймагында жайгашкан. 1964-ж. Кара-Булак кыш-нын түш.-батышындагы чакан капканы казууда 6-8-к-да калк жашагандыгы аныкталды. Кыштактын борборунан казылган сүйрү формадагы чоң дѳбѳ 11-12-к-га таандык. Ал бир нече жолу бузулуп, кайра топурактан согулуп тургузулган, бийик цоколдун урандыларынан турат. Дѳбѳ түндүктѳн түштүктү карай 100 мге созулуп жатат. Туурасы 60 м. Түш. бѳлүгүндѳ дѳбѳ чоң дубалга барып такалат. Турак жайлары ж-а кампа-сарайлары чарчы формада. Адамдар жашаган бѳлмѳлѳрдѳ ар кандай супалар, очоктор, чарба жайларында эгин сакталуучу кампалары болгон. Караханиддер мамлекетинин ѳкүмдарларынын атынан чыгарылган (негизинен Ѳзгѳндѳ) коло тыйындар, колдо ж-а станокто жасалган карапа буюмдар, идиштер, май бышкычтар, металл буюмдар (темир бычак, орок, жебенин учу, канжар, тиричилик буюмдары) табылган. Айнектердин ж-а айнек буюмдардын табылышы бул жерде айнек чыгаруунун ѳнүккѳндүгүн айгинелейт. Дѳбѳдѳн 400 м түш. тарапта карапа жасалуучу керкана, анын жанынан металл иштетүүчү керкананын калдыктары табылган. Эки жерде дѳ- бѳнү карай куурлар тѳшѳлгѳн. Бул шаар суу м-н камсыз кылынгандыгын айгинелейт. Рельефтин ыңгайлуулугуна байланыштуу, шаардын чыңдоолору болгон эмес. Шаардан 4 км түш.-батыш тарапта гана дубал тургузулган. Азыр шаар калдыгынын аймагын бүт жаңы курулуштар ээлейт. Курулуш иштеринин учурунда табылган материалдарга ж-а жазма даректерге караганда шаар 5 га аянтты ээлеп, Асбаникат ш. деп божомолдонот. 1958-65-ж. Г. А. Брыкина казып, изилдеген.