КАРАБЕКОВА Жамиля Усенгазиевна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАБЕКОВА Жамиля Үсөнгазиевна (4. 12. 1951-ж. т., Ысык-Көл р-ну, Бостери айылы) – биология илимд. доктору (2010). В. В. Маяков­ский атындагы Кыргыз кыз-келиндер пед. ин­тун бүтүргөн (1973). 1973- жылдан КР УИАнын Биология жана топурак таануу ин-тунда ага лаборант, кенже ил. кызматкер, ил. кызмат­кер, ага ил. кызматкер, 2003-жылдан Омуртка­сыз жаныбарлардын зоологиясы лабор-сын же­тектейт. Кыргыз-Түрк Манас ун-тинин доценти (2010). 1979–80-ж. СССР ИАнын Ленинградда­гы Зоология ин-тунда, 1983–85-ж. СССР ИАнын Москвадагы Гельминтология ин-тунда балык­тардын мителери б-ча ил. из. жүргүзгөн. Кырг-н ж-а О. Азиянын жаныбарлар дүйнөсүн изил­дөөдө белгилүү салым кошкон. Моногенеялар классы б-ча О. Азиядагы жалгыз адис. «Кыр­гызстандын генетикалык фондунун кадастры­нын» ж-а «Биология энцклопедиясынын» тү­зүүчүсү жана жооптуу катчысы. 50дөн ашык ил. иштери, а. и. 2 монографиясы жарык көргөн. Эмг: Моногенеи рыб Казакстана и Средней Азии. А.-А., 2001; Моногенеи естественных водоемов Средней Азии. Б., 2009.