КАРА-БЕЙИТ КӨРҮСТӨНҮ
КАРА-БЕЙИТ КӨРҮСТӨНҮ – 6–8-к-да жашаган түрк урууларына таандык мүрзөлөр. Алай р-нундагы Сары-Таш айылынын чыгыш тарабында жайгашып, 100дөй дөбө-мүрзөлөрдөн турат. Адамдардын сөөгү топурак көрлөргө коюлуп, таш такталар м-н жабылып, баш жагына төрт кырлуу таш түркүк орнотулган. Анда бир нече рун тамгасына окшош белгилер чегилген. 1961-ж. Ю. Д. Баруздин бир нече мүрзө-дөбөнү казып, изилдеген.