КАРА-БАЛТА КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БАЛТА КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ Чүй обл-ндагы Кара-Балта ш-нын ай­магында. 1952-ж. ишке киргизилген. Аянты 10 800 м2. Мында Кара-Балта тоо-кен комбина­тынан иштетилип чыккан кен калдыктары (уран тобундагы элементтер) сакталат. Гамма нурлануусунун кубаттуулугу 30–220 мкР/с. Жер титирөөгө туруктуулугу 8 баллга чейин. Экол. жактан дээрлик канааттандырарлык.