КАРА-БАК
КАРА-БАК (1971-ж. чейин Раут-Коргон) – Баткен р-нундагы кыштак. Кара-Бак айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 810 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Баткен ш-нан 12 км түн. тарапта. Исфара т. ж. бекетинен (Тажикстан) 20 км. Калкы 6,6 миң (2011); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, мад-т үйү, амбулатория, дарыкана бар.