КАРА-АКМАТ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-АКМАТ КӨРҮСТӨНҮ – Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Кара-Акмат жергесинде жайгашкан коло дооруна таандык мүрзөлөр. Алар таш, то­пурак м-н үйүлгөн жүзгө жакын дөбөчөлөрдөн, төрт чарчы көлөмдүү коргончолордон турат.
Чопо идиштердин сыныктары, адамдын өрттөл­гөн сөөк калдыктары табылган. К.-А. к-н ар­хеолог П. Н. Кожемяко казып, изилдеген.