КАПЧЫГАЙ ПАЛЕОЛИТ «ӨНӨРКАНАСЫ»
КАПЧЫГАЙ ПАЛЕОЛИТ «ӨНӨРКАНАСЫ» – төмөнкү палеолит дооруна таандык таш куралдар эстелиги. Кадамжай р-нундагы Марказ айылынан 20 км түш. тарапта жайгашкан. Арпалык тоосунун капчыгайында таш курал жасоочу оттук таш тегинин катмары табылган. Мустье доорунда ушул жерден таш куралдарын жасашкан. 1956-ж. археолог П. Т. Конопля ачып, 1957–59-ж. П. Т. Конопля, В. А. Ранов, кийин А. П. Окладников изилдеген. 2001-жылдан археологдор А. П. Деревянко, А. Н. Зенин жетектеген россиялык-кырг-ндык палеолиттик топ изилдеп жатат.