КАП ҮҢКҮРҮ
КАП ҮҢКҮРҮ – Россиядагы Түш. Уралдын батыш капталындагы эң ири карст үңкүрү; табият, тарых ж-а мад-т эстелиги. Шульганов (башка аты Гадельгареев) кыш-нда, Ак (Белая) суусунун оң жээгинде. Үңкүр акиташ ж-а доломит тектеринин арасында пайда болуп, 14 м келген тик кудук аркылуу туташкан ири оюктардан ж-а кенен коридорлордон турат. Алар эки яруска жайгашып, жалпы уз. 2 кмден ашык. Дубалга таш доорунун аягында тартылган сүрөттөр төмөнкү, үстүнкү ярустарда тең кездешет. Мамонт, жылкы, керик, бизон ж. б-дын 50дөн ашык сүрөттөрү, геом. формалар кызыл охра

м-н тартылып, каралжын сыя көк-күрөң, кара боёктор пайдаланылган. Сүрөттөр түрдүү масштабда берилген. 50 м2 аянтта мад-т катмары табылган. Казуу учурунда таш м-н сөөктөн жасалган буюмдар (а. и. курал-жарактар ж-а жасалгалар), ылайдан жасалган чырак, сүрөттөр тартылган дубалда охрага окшош минералдык боёктордун таарындылары табылып, байыркы убакта дубалдан кулаган акиташта жаныбардын (болжолу мамонттун) сүрөтү тартылган фрагмент сакталган.
Ад.: Кудряшов И. К. Путеводитель по Каповой пещере. Уфа. 1969; Широков В. Н. Искусство под сводами пещер // Культовые памятники горно-лестного Урала. Екатеринбург, 2004; Капова пещера //Большая Российская Энциклопедия, Т. 13. М., 2009.