КАПОЭЙРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПОЭ'ЙРА – бразилиялыктардын эрежесиз тай­маш өнөрлөрүнүн түрү. К-да татаал акробатика­лык ж-а алдамчы кыймыл, буйтоо, каршыла­шын б ' катпай чалуу, ага күтүлбөгөн сокку уруу ж. б. ыкмалар колдонулат. К. 1500-жылдардан белгилүү. 1888-ж. Бразилияда кулчулук жоюл­гандан кийин К. улуттук спорт түрүнө айланып, 1937-ж. улуттук спорт конфедерациясынан рас­мий укукка ээ болгон. К. б-ча алгачкы мектеп Сальвадор ш-нда К. чебери Бимба (Мануэль дос Рейс Мачадо, 1900–1974) тарабынан негиздел­ген. 1950-жылдан К. б-ча расмий мелдештер спорт сүйүүчүлөр м-н профессионалдар арасын­да өткөрүлөт. Дүйнөлүк чемпионат Бразилияда өтөт. 1990-жылдардын ортосунан АКШда ж. б. өлкөлөрдө өткөрүлүүчү эрежесиз мушташтарда Грейси кланынын чеберлери (Бразилиялык жиу­жицуну ж-а валетюдону жайылткандар) же­ңишке жетишкенден баштап, К. дүйнөгө кеңи­ри кулач жайган. Азыр К. дүйнө б-ча 60тан ашык өлкөдө өөрчүүдө. Кырг-нда К-га окшош эрежесиз мушташ түрлөрүнүн бири валетюдо (көчө мушташы) кеңири кулач жайып, атактуу спортчулар (Алмаз Акун ж. б.) бар.


Ад.: История боевых искусств. От нового света до Черного континента. М., 1997; Гагонин А. С., Гаго­нин С. Г. Психотехника рукопашной схватки. СПб., 1999.

Б. Үсөнканов.