КАПКА-ТАШ КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПКА-ТАШ КЫРКА ТООСУ Ички Теңир-Тоо­до, Кичи Нарын ж-а Сары-Күнгөй (Оорук-Там) м-н Кара-Саз, Солтон-Сары ж-а Көк-Торпок тек­тон. өрөөндөрүнүн аралыгында. Нарын р-нунун аймагында. Уз. 40 км. Эң жазы жери 10 км.

Орт. бийикт. 3500 м, эң бийик жери 4146 м (Кара-Кыр чокусу). Кырка тоодо кембрийдин кумдук теги, төмөнкү палеозойдун гранити ба­сымдуу. Батышы бийик, чыгышы жапыз; түн.- чыгышы өтө басаңдап, Кызыл-Мойноктун бе­линде Жылаңач тоосуна өтөт. Тоонун түн. бети­нин тиктиги 25–40°, түштүгүнүкү 45–60°, капчы­гайлуу. Түн. капталына токойлуу ж-а шалбаа­луу талаа (2600–3600 м бийикте), батышында альп шалбаасы ж-а субнивалдык чөл басымдуу. Түш. бети каксоо, кургак талаа өсүмдүктөрү өсөт. Батыш бөлүгү нымдуу болгондуктан, ту­лаңдуу. Жайыт.