КАПКА-ТАШ КӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПКА-ТАШ КӨЛҮ Фергана тоо тизмегинин түн.-батыш тармактары – Кеңкол м-н Так­талыктын аралыгында жайгашкан. Токтогул р-нунун аймагында. Аянты 0,96 км2, суунун көлөмү 2,6 млн м3. Эң терең жери 50 м. Капка- Таш өрөөнүндө деңиз деңг. 2305 м бийикте жа­тат. Тунуктугу 3 м. Көлгө 7 өзөн куюп, андан агып чыккан суу Кара-Суу көлүн толуктап ту­рат. Бөгөт көл түрүнө кирет.