КАПИТЕЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПИТЕ́ЛЬ (лат. capitellum – башы) – ордер­дик түркүктүн ж-а анын модификацияларынын (колоннанын) негизги үч бөлүгүнүн (фуст ж-а база м-н бирдикте) бири. К. вертикалдык тая-

1 – байыркы египет­тик пальма сымал; 2– ионийлик; 3 – до­рийлик; 4 – коринф­тик.

нычтын жогорку чет жагынын жабдылышы катары антаблементтин оордугун өзүнө алат. К. Байыркы Чыгыш зодчийлигинде белгилүү бол­гон. Антикалык доордо К-дин 3 негизги түрү (дорийлик– ионийлик– коринфтик– о. эле ком­позиттик) калыптанган. К-дин өзгөчө түрлөрү Кытай– Япония– Мексика– Россия– Армения– Грузия– О. Азия мамлекеттеринин арх-расында жаралган.