КАПИТАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПИТА́Л (англ. capital – башкы) – 1) өндүрүш­түн капиталисттик ыкмасына таандык экон. мамилелердин жыйындысы; 2) ишкердик– ком­мерциялык ж-а ишмердиктин башка түрүнүн натыйжасында кошумча нарк пайда кылуучу нарк; 3) бизнесте пайдаланылуучу жалпы ре­сурстар; 4) жеке адамдын же юрид. жактын активдеринин милдеттенмелердеги сумманы алып салгандан кийинки накта наркы; 5) ком­паниянын мүчөлөрү (пайщиктери) тарабынан чарбалык ишмердикке пайдалануу үчүн берил­ген сумма; 6) ассоциация ж-дө меморандумда (компания түзүү тууралуу макулдашуу) белги­ленүүчү ж-а уставдык– номиналдык же каттал­ган капиталды түшүндүрүүчү сумма.