КАПАГАН КАГАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПАГАН КАГАН (т. ж. б. – 716, ө. жери бел­гисиз) – Чыгыш Түрк кагандыгынын каганы (691–716). Кутлук кагандын аталаш иниси, Күлтегин м-н Билге кагандын аталаш агасы.
Чыгыш Түрк кагандыгынын ээлигин кеңейтип, анын чек арасын Дербенттен (Кавказ) Хуанхэге (Кытай) чейин жеткирүүнү көздөгөн. 694-ж. Ор­досту алуу үчүн кытайлар м-н согушта Маньч­журияны өзүнө каратып, 706-ж. Түн. Кытайга чабуул жасаган. 709-ж. тогуз-огуздарды, 711– 712-ж. енисейлик аздар м-н чиктерди жеңип алган. 712–13-ж. Алтайдан келип, Жети-Сууда­гы он ок элин (к. Он ок будун) багындырган. Сыр-Дарыядан өтүп, Кавказга жакын тохар, сог­дуларды кыйраткан. 714-ж. кайрадан баш кө­төргөн табгачтарга 6 жолу сокку урган. К. к. көчүүгө кам көргөн тогуз-огуздарды Гобинин түндүгүндө талкалаган. 716-ж. Толы өзөнүнүн жээгинде байегу урууларын жеңип, азыраак аскери м-н кайтып бара жатканда ал уруулар­дын аман калган тобу капысынан кол салып, К. к-ды өлтүрүп, башын кытайларга тартуу кылышкан.


Ад.: Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии.
Б., 1995; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана (в 2-х томах). Б., 1998; Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. А., 1998; Гумилёв Л. Н. Байыркы түрктөр. Б., 1998; Хрестома­тия по древней и средневековой истории Кыргыз­стана / Сост. Джуманалиев Т. Д. Т. 1. Б., 2007.