КАНТЕМИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНТЕМИ́Р Антиох Дмитриевич [10 (21). 9. 1708, Константинополь – 31. 3. 1744, Париж] – орус акыны, сатирик, котормочу, мамл. ишмер. Рационалист агартуучу, орус классицизминде ыр түрүндөгү сатира жанрын негиздөөчүлөрдөн. Саясий эпиграммаларында ж-а сатираларында Пётр Iнин реформаларын жактаган. Бир нече тилде эркин сүйлөгөн, так ж-а гуманитардык илимдерди, орус мад-тынын тарыхын мыкты билген ж-а изилдеген. Адабий ишмердигин 1725-ж. котормодон баштаган. К. Улуу Брита­ния ж-а Францияда (1738–44) элчилик кызмат­та болгон. Горацийдин 22 сунушун, Анакреонт­тун 55 ырын которгон, агартуу идеясын тарат­кан. Физик Фонтенелдин «Дүйнөлөрдүн көптүгү жөнүндө сөз» трактатын (1730) которгон ж-а ага эскертүүлөр жазган (1742).


Чыг.: Собрание стихотворений. Л., 1957.