КАНТ (Чүй облусундагы шаар)
КАНТ – Чүй обл-нун Ысык-Ата р-нундагы шаар (1985-жылдан), райондун борбору (1998-жылдан). Республиканын борбору Бишкектен 20 км чыгыш, облустун борбору Токмок ш-нан 40 км батыш тарапта. Бишкек – Балыкчы автомобиль ж-а т. ж-нун боюнда жайгашкан. Шаар 1929-ж. кыштак катары негизделген. Калкы 21,6 миң (2007). Т. ж. бекети. Кант ш. – Чүй обл-нун ө. ж-луу борборлорунун бири. Шаарда тогуз ө. ж. ишканасы бар. Алар: «Кант цементшифер комбинаты», «Кант типография», «Кумшагыл», «Дан-азык» АК, «Абдыш ата», «Кант-

сүт», «Блиц-1», «Кыргызмунайзат» ЖЧКлары, тажрыйба-ремонт – эксперименттик-мех. ж-а нан з-ддору. Шаарда кесиптик-тех. окуу жайы, лицей, 5 орто ж-а муз. мектеп, китепканалар, 5 бала бакча, балдарды эстетикалык жактан тарбиялоо борборлору, мад-т үйү, клуб, стадион ж. б. бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, санитария-эпидемиол. станциясы, балдардын кардиоревматология санаторийи, оорукана, бейтапкана, «Экофарм», аптекалар, мончо, сауналар, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, базар, ресторан, кафе-барлар ж. б. иштейт. Шаардын чегинде бир нече мечит ж-а 2 чиркөө жайгашкан.