КАНСЫЗ СОГУШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНСЫЗ СОГУШ – дүйнөлүк согуштан кийин пайда болгон термин. СССР ж-а башка соц. өл­көлөр м-н АКШ ж-а анын союздаштарынын ортосундагы согуштук-саясий конфронтация. Экинчи дүйнөлүк согушта (1939–45) Германия, Италия ж-а Япониянын жеңилиши м-н дүйнөдө­гү саясий абал кайрадан өзгөрүп, күчтүү эки дер­жава (СССР, АКШ) түзүлгөн. Алардын жеке көз карашы өз алдынча саясий догмага айланып, бул учур курал-жаракты түз пайдаланбай, б. а. бири-бирине каршы турган согуштук-саясий блок, стратегиялык-согуш базаларын ж-а плац-

дармдарды түзүү, түрдүү экон. кысымдарды (эм­барго, экон. блокада) кеңири колдонуу м-н мү­нөздөлгөн. К. с. Октябрь революциясынан (1917) кийин Советтер Союзунда марксизм-ленинизм­дик идеологияга басым жасалышына байланыш­туу эки системанын (к. Капитализм, Социа­лизм) карама-каршылыгы күчөп, акыры про­летариаттын жардамы м-н социализм жеңет ж-а коммунизм орнойт деген ил. көз караш ар­кылуу калыптанган. 1945-жылдан кийин дүйнө­дөгү көп полюстуу өнүгүү эки гана полюстуу (би­полярдык) өнүгүүгө өтүп, өзгөчө 1947-ж. У. Чер­чиллдин Фултондогу (АКШ) сүйлөгөн сөзүнөн кийин мындай тирешүү өзүнүн эң жогорку дең­гээлине жеткен. Ал эми дүйнөдө Социалист­тик лагердин түзүлүшүнө байланыштуу ядро­лук (АКШда 1945-ж., СССРде 1949-ж.), водо­роддук бомбаларды (АКШда 1952-ж., СССРде 1953-ж.) сыноо ж. б. жаңы согуштук куралды өнүктүрүү күч алган. АКШ Түн. Атлантика со­гуш блогун (НАТО), СССР Экон. өз ара жардам­дашуу кеңешин (СЭВ) ж-а Варшава келишимин түзгөн. Мындай тирешүүлөр Германиянын ГДР м-н ГФРге (1949) ж-а Кореянын Түн., Түш. бо­луп бөлүнүшүнө (1953) алып келген. 1960-жыл­дардын аягында Чыгыш Европада СССРдин үстөмдүгүнүн бекемделиши ж-а АКШнын Вьет­намга ийгиликсиз интервенциясы, Кытай м-н СССРдин ортосундагы коммунисттик идеология­дагы келишпестик ж-а Кошулбоо кыймылынын түзүлүшү, 1960-жылдарда К. с-тун курчтугун азайткан. Эки өлкөдө тең салмактуу (паритет) абал түзүлүп, саясий мамилелер да өзгөрө баш­таган. Эки мамлекеттин ортосунда мамиленин жакшырышына байланыштуу атмосферада, кос­мосто ж-а сууда ядролук куралды сыноого тыюу салуу (1963), аны таратпоо келишимдери (1968) түзүлгөн. 1970-ж. АКШ м-н СССРдин ортосунда стратегиялык куралданууну чектөө (ОСВ-1, ОСВ-2) ж-а ракетага каршы коргонуу (ПРО) ке­лишимдерине кол коюлган. Бирок 1979-ж. СССРдин Афганстанга аскерин киргизиши ж-а АКШнын ОСВ-2 келишимин ратификациялоо­дон баш тартышы м-н эки мамлекеттин мами­леси начарлап, К. с-тун күчөшүнө түрткү бол­гон. 1980-жылдардагы Советтер Союзундагы кай­ра куруу, айкындуулук, куралсыздандыруу (ку­ралданууну контролго алуу) б-ча сүйлөшүүлөр, 1989-ж. сов. аскердин Афганстандан чыгышы, соц. лагердеги, кийин СССРдеги саясий-экон. кризистер, Варшава келишиминин таркатылы­шы (1990), Германиянын биригиши (1990) Чы­гыш-Батыш мамилелеринин жөнгө салынышы­на шарт түзгөн. Натыйжада Чыгыш м-н Батыш­тын ортосундагы эл аралык мамиленин курчу­шун күчөтө турган экон., ил.-тех. шарттар не­гизги ролун жоготкондуктан, 80-жылдардын аягында – 90-жылдардын башында мурдагы соц. системадагы көптөгөн өлкөлөр демокр. негизде кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу К. с. токто­гон.