КАН ПАЙДА БОЛУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН ПАЙДА БОЛУУ , г е м о п о э з – жаны­барлар м-н адамдын кан клеткаларынын пай­да болуу, өөрчүү, жетилүү процесси. Адам м-н омурткалуулардын кан клеткалары аз убакыт жашайт (мис., адамдын эритроцити 120, лейко­цити 5, тромбоцити 4 күн, лимфоцит бир нече күндөн бир нече айга чейин). Организмде кан клеткаларынын тынымсыз бузулуп турганына карабастан, жаңысы м-н алмашып, канда алар­дын саны өмүр бою бир калыпта сакталып ту­рат. Омурткасыз жаныбарларда кан көңдөй суюктугунда ж-а кандын өзүндө пайда болот. Кан сүт эмүүчүлөр м-н адамда кан пайда кылуу­чу органдарда пайда болот: эритроциттер, лей­коциттер ж-а тромбоциттер – сөөк кемигинде; лимфоциттер лимфа түйүндөрүндө, көк боордо, богок безинде, сөөк кемигинде жаралат. Кан пайда болуу ж-а кан клеткаларынын сан ж-а сапатынын өзгөрүүлөрүн бир катар гормондор, витаминдер (мис., В12, фоли к-тасы), о. эле өзгөчө заттар – гемопоэтиндер жөнгө салып ту­рат. Сүт эмүүчү жаныбар м-н адамдын түйүлдү­гүндө К. п. б. мезенхима клеткаларынан баш­талат. Кандын алгачкы пайда болуусу 19 күндүк эмбриондон (түйүлдүктүн экинчи айында) бай­калат. Кийинчерээк боордо – эритроциттер ж-а лейкоциттер, богок безинде лимфоциттер жа­ралат. Түйүлдүк 4 айга караганда К. п. б. кемик м-н чучукта жүрөт. Бул мезгилде лимфа түйүн­дөрү калыптанып, анда лимфоциттер пайда бо­лот. Көк боордо К. п. б. бала төрөлгөндөн ки­йин башталат. Кан жоготууда, канда кычкыл­тек жетишпегенде, сезгенүү процессинде, жугуш­туу ооруларда организмде К. п. б. күчөйт. Бул организмдин коргонуу функциясын билдирет. Организмде темир, В12 витамини жетишпеген­де, көк боор ооруганда, айрым уу заттар м-н ууланганда К. п. б. начарлап, аз кандуулукка алып келет.