КАНОН (көркөм өнөрдө)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНО́Н (гр. kanоn – норма, эреже– чен-өлчөм) – көркөм сүрөт өнөрүндө – көркөм чыгарманын колорит ж-а композиция нормаларын– анын пропорциялар системасын же иконографияны белгилөөчү так калыптанган эрежелердин жы­йындысы. Ал о. эле нормативдик үлгү болуп кызмат кылган чыгарма деп да аталат. К-дун теор. негизин байыркы грек скульптору Поли­клет «Канон» аттуу чыгармасында (б. з. ч. 5-к.) иштеп чыккан. Алгачкы К. адам денесинин про­порцияларынын төп келишкен үлгүсүн түшүн­дүргөн. Динге байланышкан К. системасы Чы­гыштын– Африканын– Американын байыркы мад-тында– Европанын ж-а Азиянын о. кылым иск-восунда кеңири тараган. К. көркөм чыгар­манын сан-түзүмдүк модели болуп эсептелет; музыкада – обон (бир же бир нече) өзү м-н өзү контрапункт түзүүчү полифониялык форма. Тех. жактан көбүнчө тууроого негизделет. К. добуш­тарынын саны чектелбегендигине карабастан 2– 4 үндүү болот.