КАН КУЮУ
КАН КУЮУ – дарылоо максатында оорулуунун кан тамырына (реципиентке) донор канын же кан дары-дармектерин куюу. Эритроциттин санын толуктоо, айланган кандын көлөмүн ж-а анын осмос басымын калыбына келтирүү үчүн, о. эле ууланганда канга аралжы заттар (физиол. эритме) пайдаланылат. Оорулуунун канына донордун каны туура келгенде гана куюлат. Хирург. операция убагында кеткен канды толуктап, оорулуунун организмин уулуу заттардан арылтып, инфекцияга туруктуулугун жогорулатат, кан басымын жөнгө келтирип, дем алууну жакшыртат. Оорулууга түздөн-түз донордон реципиентке же алдын ала консерваланып, даярдалган кан куюлат. Ар бир К. к-нун алдында кан топтору, резус-фактор, донор м-н реципиенттин канынын биол. жактан туура келиши текшерилет. Эреже б-ча бирдей топтогу кан куюлат. 1-топтогу резус – терс кан башка бардык топтогу оорулуунун канына туура келет. К. к. катуу кырсыкка кабылганда, кан көп кеткен операцияда, ичке кан көп акканда, күйүктө, аз кандуулукта, жугуштуу ооруларда ж. б. колдонулат.