КАНКУН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНКУ́Н – Мексикадагы шаар. Кинтана-Роо штатында. Юкотан ж. а-нын түн.-чыгышында жайгашкан. Калкы 654,4 миң (2008). Эл ара­лык аэропорту бар. Мухерес а. м-н деңиз аркы­луу байланышат. Мексикадагы эң ири деңиз­дик климаттык курорт. К-га эл 16-к-да эле оту­рукташа баштаган. 1970-жылдан шаар. Ун-ттер (технол., Кариб) бар. Шаардын экономикасы­нын негизин туризм түзүп, меймандарды кабыл алуу ж-а аларды тамак-аш м-н камсыздоого тыгыз байланышта. Көптөгөн бульварлар, 140ка жакын отелдер (түрдүү класстагы), 380ге жакын ресторан, көп сандаган соода борборлору ж-а клубдар иштейт. Лагуна м-н шуру рифтери ту-

ристтерди өтө кызыктырат. Экол. парктар уюш­турулган.