КАНИМЕТОВ Жангороз
КАНИМЕТОВ Жангороз (30. 3. 1950-ж. т., Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Токтоян айылы) – педагог, мамл. ишмер, педагогика илимд. доктору (2010). КРдин II класстагы мамл. кеңешчиси (2000). Кыргыз ССРинин Билим берүүсүнүн отличниги (1979). СССР Билим берүүсүнүн отличниги (1987), КРдин эмг. сиң. мугалими (1995). КР Жогорку Кеңешинин үч жолку депутаты (1995–2000–05; 2007–10). КРдин «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамынын (2000), «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын (2003), «Жалпы орто билим берүү жөнүндө» мыйзамынын (2009) автору. Москвадагы Эл аралык педагогикалык билим берүү академиясынын академиги (МАНПО, 2009). Каракол (мурдагы Пржевальск) мамл. пед. ин-тун (1971), Ж. Баласагын атн. Кыргыз улуттук ун-тин (1999) бүтүргөн. Түп р-нундагы Сан-Таш айылынын Каркыра орто мектебинин (1971–79), Арал орто мектебинин (1979–84), Кайкин атн. орто мектебинин директору (1984–87), Ак-Суу райОНОсунда Элге билим берүү башкармалыгынын башчысы (1987– 88), Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлигинде бөлүм башчы (1988–91), Ысык-Көл обл. билим берүү башкармалыгынын башчысы (1991–97), Кыргызстандын Билим берүү кызматкерлеринин конгрессинин президенти (2004-жылдан), КР Билим берүү ж-а илим министринин орун басары (2007), «Ысык-Көл» коомдук фондунун төрагасы (2001–10), КР Жогорку Кеңешинин парламенттик кыргыз-түрк кызматташтык тобунун жетекчиси (2007–10) болгон. Кыргыз- Түрк «Манас» ун-тинин проф. (2010-жылдан), КРдин «Даңк» медалы м-н сыйланган (1999).
Эмг.: О молодёжи и молодёжной политике КР. Б.,
1999; Основные направления демократизации образования в КР. Б., 2004; Государственно-общественное управление образования в КР. Б., 2005.