КАНИМЕТОВ Абдылда

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНИМЕТОВ Абдылда – (18. 8. 1928, Ысык- Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Шалбаа кыш. – 28. 11. 1999, Бишкек) – тарых илимд. доктору (1987), проф. (1968). 1950-ж. ММУну бүткөн. 1950–55-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тарых ин-тунда ил. кыз­маткер, 1955–59-ж. Кырг-н КП БКнын алдын­дагы парт. мектепте окутуучу, кафедра башчы-

сы, директордун орун баса­ры,

1959–61-ж. Кырг-н КП БКнын мектеп ж-а ЖОЖ бөлүмүнүн башчысы, 1961– 62-ж. К ыргыз ССР Ми - нистрлер Советине караштуу Жогорку ж-а атайы орто би­лим берүү б-ча к-ттин төра­гасы, 1962–77-ж. Кыргыз ССР элге билим берүү мини­стри, 1977–88-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тарых ин-тунда директор, 1989- жылдан сектор башчысы, жетектөөчү ил. кыз­маткер. К-дун ил. эмгектери Кырг-ндын мада­ний курулушуна, элге билим берүүнүн ж-а Ин­тергельпонун тарыхына арналган. 200дөй ил. эмгектин (а. и. 40тай монография, окуу китеп) автору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депу­таты (1962–79). гиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Бишкек ш-ндагы ¹1 мектеп-интернатына ысмы ыйгарылган.


Эмг.: Каниметов А. К., Маречек Р. П., Мужиков И. П. Чехословакиялык «Интергельпо» кооперативинин тарыхы. Ф., 1958; Каниметов А. К. Народное обра­зование Советской Киргизии за полвека. Ф., 1972; Каниметов А. Наш друг Юлиус Фучик. Ф., 1976.