КАНИБАДАМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНИБАДАМ – Тажикстандын түндүгүндөгү шаар. Согд обл-нда. Фергана өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө, Чоң Фергана каналынын боюнда жайгашкан. Канибадам т. ж. бекетинен 6 км. Калкы 58,3 миң (2008). Жолдор тоому. Болжол м-н 9–10-к-да пайда болгон. Алгач 1463-ж. эс­керилет. 1937-жылдан шаар. Машина куруу, ме­талл иштетүү (велосипед, майыптар үчүн коляска ж. б.), жеңил (пахта тазалоочу, текстиль, тигүү), тамак-аш (жашылча-жемиш консервалары, ширелер) ө. ж. ишканалары ж-а «Шохон» нефть ажыратуучу з-ду [Канибадам ж-а Бадкуанд (Кырг-ндагы) кендеринин негизинде] иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүктүн байыркы борбору.
Мир-Ражаб-Додхо (16-к.) ж-а Оим (17–18-к.) мед­реселери, Лангари-Бобо мавзолейи (17–18-к.), мунара (19-к.) ж-а салттуу кооздолгон мечит­тер сакталган. Тарыхый-край таануу музейи, муз.-драма театры бар.