КАНДИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНДИ́ (англ. Kandy; сингалча Маха-Нувара – «Улуу шаар») – Шри-Ланкадагы шаар. Борб. провинциянын адм. борбору. Өлкөнүн борб. тоо­луу бөлүгүндө, Канди платосунда, Махавели- Ганг д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 118,2 миң (2008). Король Викрамабаху III 14-к-да не­гиздеген. 1592-жылдан Цейлон (учурда Шри- Ланка) а-нын түш.-батышын ж-а түндүгүн пор­тугалиялыктар басып алышкандан кийин көз каранды эмес Канди сингал мамлекетинин бор­бору. 1815-жылдагы келишим м-н Британия империясынын курамына киргенден борбор ста­тусун жоготкон. Буддалардын ыйык шаарлары­нын бири. Шаардын борборунда 18 мунаралуу таш дубал (16-к-дын аягы 17-к-дын башы) м-н курчалган сингал салттуу арх-расынын куру­луштары сакталган Зуба храмы (16-к-дын аягы –18-к.), о. эле Натха-Дэвале (14-к.), Виш­ну-Дэвале (18-к.) храмдары, Асгирия-Вихара (14–17-к.), Малватта-Вихара (16–18-к.) будда мо­настырлары, Ыйык Павел собору. Шаардын бор­бору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кир­гизилген. К-ден 5 км Пераденияда Азиядагы эң ири Король ботан. багы (1821; бөлмө өсүмдүк­төрүнүн 750 түрү ж. б.) бар. К-ге жакын Хинда­гала үңкүрүндө 5–7-к-га таандык жазуулар бар.
Кустардык кол өнөрчүлүк ж-а туризм өнүккөн.