КАНГЕЛДИЕВА Айгул Аманбековна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНГЕЛДИЕВА Айгүл Аманбековна (11. 1. 1960-ж. т., Талас р-ну, Көпүрө-Базар айылы) – медицина илимд. доктору (2005). КММИни (1983), Эне ж-а баланын саламаттыгын сактоо б-ча бүт­күл союздук ил. из. борборунда (Москва) аспи­рантураны бүтүргөн (1988). 1988-жылдан Кыр­гыз акушерлик ж-а педиатрия ИИИде улук ил. кызматкер, 1991–97-ж. ошол эле ин-ттун гине­кол. эндокринология бөлүмүнүн башчысы. 1997- жылдан Кырг-н адам репродукциясы ил. бор­борунун директору. К. гинекология ж-а аку­шерлик б-ча адис. 80ден ашык ил. иштери, а. и. 1 монографиясы жарык көргөн.


Эмг.: Гинекологическая заболеваемость в репро­дуктивном возрасте и патогенетические варианты нарушений эндокринной функции репродуктивной системы. Б., 2003.