КАНАТ ХАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНАТ ХАН , К а н а т Ы б ы к е у у л у (Абукин) (1860, Кочкор өрөөнү – 1916, Верный) – 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылы­нын көрүнүктүү жетекчиси. Саясий ишмердиги 25 жашында башталган. 1885-ж. Абайылда бо­луштугунун (Кочкор өрөөнү) башчылыгына шай­ланган. К. х. билимге умтулган адам болуп, 1914-ж. өз каражатына Талаа-Булакка медресе салдырган. Ыскак деген баласы Уфадагы «Мед­ресе-и Галияда», кичүү балдары Пишпектеги гимназияда окуган. 1916-ж. 25-июндагы пады­шанын буйругуна ылайык, жерг. элден 19 жаш­тан – 43 жашка чейинкилерди аскердик-оорук иштерине алуу үчүн Пишпек уездинин убакты­луу начальниги Рымшеевич 6-августта болуш башчыларын жыйнап, жумушка алынуучу­лардын тизмесин берүүнү талап кылган. Эл акылдашып, аны аткаруудан баш тарткан (к. Кыргыздардын 1916-ж. көтөрүлүшү, Үркүн). Ошол жыйында К. х-дын башына ак селде, үстүнө кызыл жибек чепкен, алдына ак боз ат мингизип, хан шайлап, ант беришкен. 10-ав­густ күнү К. х. ж-а Д. Шыгаев башкарган 3 миң кол Столыпино (азыркы Кочкор) айылын ка­моого алышкан. Столыпино бошотулгандан кийин К. х. 2 миңден ашык колу м-н Шамшы­нын бели аркылуу Чүйгө аттанган. Шамшы, Ты­най, Бурана, Нурманбет ж. б. болуштугу чогу­луп, аны экинчи жолу хан көтөрүшөт. Кегети, Подгорный, Сынташ, Кең-Булуң, Эски Токмок (Покровка) ж. б. айылдарды каратып, Жаңы Токмокту курчоого алышкан. Ташкенттен 4 пулемёт, 1 замбирекчен жазалоочу отряд (4 рота) ж-а казак-орус аскер бөлүгү келип, 22-августта К. х-дын колун кайра Кочкорго чегинүүгө арга­сыз кылган. Бул жерден ага 700 киши м-н Көкүмбай Чыны уулу кошулган. 25–26-август­та алар Нарындан келе жаткан орус отрядын тосуп, Жоон-Арык, Боз-Бекет ж-а Кочкордо сал­гылашкан. Куралы начардыгынан жеңилүүгө учураган көтөрүлүшчүлөр 5 күндөн кийин Тар­мал-Сазга чегинген. Ушул учурда Жумгал та­раптан келген орус отряды аларды курчоого алып кырышкан. К. х. Кытайга бара жатып, жазалоого кабылган элден бөлүнбөйм деп кай­ра кайтып келген. Ал 18-октябрда туткунда­лып, Верный ш-нда өлүм жазасына буй­рулган.



Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 2. Б., 1993; Үркүн. 1916/ Түз.: Э. Кылычев, Н. Капаров. Б., 1993; Усенбаев К. 1916: Героические и траги­ческие страницы. Б., 1997; Егембердиев Ж. Канат хан. Б., 2006;

Т. Асанов, Э. Турганбаев.