КАНАЛИЗАЦИЯ
КАНАЛИЗА́ЦИЯ – ыпылас (заң-заара аралашкан) сууларды чогултуп, аны тазалоочу жайларга берүүчү инж. курулмалардын, жабдуулар-
дын ж-а санит. иш-чаралардын комплекси; иштелип чыккан ж-а булганган катуу же суюк калдыктарды ж-а жаан сууларын чогултуп, калк жашаган пункттардан ж-а ө. ж. ишканаларынан сыртка агызып чыгаруучу жер астындагы суу жүрүүчү түтүктөр системасы К. тармагы деп аталат. Жер асты м-н кир сууну алып чыгып, кайра иштетүүдө же атайын казылган көлмөлөргө куюуда санит. талап сакталышы керек. Шаарларда курулат ж-а шаар чарбасындагы негизги элемент болуп эсептелет. К-нын элементтери – санит. приборлор, агызуучу түтүктөр.
Максатына ж-а жайгашышына жараша негизги 2 түргө бөлүнөт: и ч к и К. – имараттын
ж-а ө. ж. ишканаларынын булганч ж-а жаанчачын сууларын сырткы К. түйүндөрүнө жеткирет; с ы р т к ы К. – агым чогулмаларын
кайра иштетүүчү жайга же көлмөгө жеткирет; суу агызуучу түтүктөр, насос станциясы ж-а тазалоочу курулмалардан турат.