КАНАДЗАВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНАДЗА́ВА – Япониядагы шаар. Хонсю а-нын батышында жайгашкан. Исикава префектура­сынын адм. борбору. Калкы 457,4 миң (2008). Т. ж. станциясы. Деңиз порту (Кореянын Пу­сан порту м-н үзгүлтүксүз байланышып турат). Маэда сепили (16-к.), Нагамати самурайлар кварталы, гейшалар үйү (Эдо мезгили), буддис­ттердин ж-а синтоисттердин храмдары сактал­ган. Машина куруу, текстиль, полигр., тамак­аш ө. ж. ишканалары иштейт. Салттуу кол өнөрчүлүк (оюнчуктар жасалат, жибекке кол м-н сайма саюу, сусаль алтынынан буюм жа­соо), фарфор-фаянс (жогорку сапаттагы «Кута­нии») ж-а лак буюмдар («Вадзима») өндүрүшү өнүккөн. Ун-ттер, технол. ин-т, коллеж, дизайн мектеби, музейлер (а. и. мемориалдык), жазуу­чулар Идзуми Кёка ж-а Муро Сайсэйдин үй-му­зейлери бар. Жыл сайын ар кандай фестивал­дар өткөрүлүп турат. К-дан түш.-чыгышта Юваку ысык булагы жайгашкан.