КАНАДАЛЫКТАР
КАНАДАЛЫКТАР – эл, Канаданын калкы.
Жалпы саны 31,2 млн, а. и. Канадада 25 млн киши (2006). Канада калкынын 43%ин англисканадалыктар, 24%ин француз-канадалыктар, 2%ин индейлер, эскимостор, о. эле Европадан барган немис, англис, италян, украин, орус, голланд, поляк, еврей ж-а амер-тар түзөт. К. англис ж-а француз тилдеринин канадалык вариантында сүйлөшөт. Англис-канадалыктардын динге ишенгендери протестантизм (пресвитериан, лютеран, баптисттер), француз-канадалыктар католицизм динин тутушат. 16–20-к-да алгач Европадан (француз, англис, шотланд, ирлан, уэльс, немис, голланд ж. б.), кийин АКШ-дан иммигранттардын Канада аймагына көчүп келип отурукташуусу м-н К. улут болуп калыптанган. Англис-канадалыктардын улуттук мадты англистердикине жакын. Эски шаарларда англис үлгүсүндө салынган арх-ралык курулуштар сакталган. Айрым англис-канадалык топтордун турак жайлары, тамак-ашы, үрп-адат, салттары европалыктардыкына окшош. Алар Шотландиялыктардын колдоочусу Ыйык Андрей, ирландыктардын Ыйык Патригини күндөрүн майрамдашат. Азыркы учурдагы мад-тына америкалыктардын таасири чоң.