КАНАДАЛЫК АРКТИКА АРХИПЕЛАГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНАДАЛЫК АРКТИКА АРХИПЕЛАГЫ – Түн.
Американын түн. четинде жайгашкан дүйнөдөгү эң ири аралдар тобу; Түн. Муз океанда. Канада­га карайт. Аянты 1335 миң км2. Негизинен Түн. Муз океаны (Бофорт, Линкольн деңиздери, На­рес, Гудзон кысыктары, Баффин деңизи, Фокс булуңу) ж-а Атлантика океанынын Девис кы­сыгы м-н чулганат. Гренландиядан Нарес кы­сыгы, Баффин деңизи ж-а Девис кысыгы аркы­луу бөлүнөт. Калкы сейрек, көбү – эскимостор.
Архипелаг 36 563 аралдан турат, анын 15инин аянты 10 миң км2ден ашат. Ири аралдары: Баф­фин Жери, Элсмир, Виктория, Банкс, Девон.

Баффин Жери.

Аралдары материктик тайыздыкта жайгашкан; аларды тереңдиги 150–300 м кысыктардын та­таал системасы бир нече топко (Свердруп арал­дары, Парри архипелагы ж. б.) бөлөт. Релье­финде дөңсөөлүү түздүктөр ж-а платолор басым­дуу, чыгышында бийикт. 2926 мге жеткен (Эл­смир а-нда) тоо массивдери бар. К. А. а. негизи-

нен байыркы Түн. Америка платформасынын түн. чет-жакасында жайгашкан; платформанын кембрийге чейинки кристаллдык фундаменти архипелагдын чыгыш бөлүгүндө жер бетине чыгып турат (калкан). Түн. бөлүгүндө палеозой­дун Иннуит алкагы созулуп жатат. Кен байлык­тары: коргошун, цинк, полиметалл, темир, ал­тын, нефть, газ, көмүр ж. б. Климаты архипелагдын басымдуу бөлүгүндө арктикалык, катаал, чыгышында деңиздик, ба­тышында континенттик, Баффин жери а-нын түш. бөлүгүндө субарктикалык. Январдын орт. темп-расы түш.-чыгышында –23°Сден түн.-баты­шында –35°С (абс. мин. –50°Сден төмөн). Аяз­сыз мезгил 1–4 айга чейин созулат, май айында абанын темп-расы кээде –30°Сге чейин төмөн­дөйт. Жайы өтө кыска, июлдун орт. темп-расы түндүгүндө 4°Сден түштүгүндө 7°Сге чейин (эң жогорку темп-ра 24°Сге жетет). Жылдык жаан­чачыны түш.-чыгышында 450–600 мм, баты­шында 200–250 ммге, түндүгүндө 100 ммге че­йин. Бул аймактар жылдын көп мезгилинде Арктика антициклонунун таасиринде болот. Бардык жеринде көп жылдык тоң таралган. Түндүгү ж-а түн.-чыгышы мөңгүлүү (жалпы аян­ты 154 миң км2), түндүгүндө шельф муздары кездешет; кысыктарын жылына 9–10 ай бою муз каптайт. Көп жылдык пак муздарынын чеги архипелагдын түн.-батыш чети аркылуу өтөт. Түн.-батыш деңиз жолу өтүүгө өтө татаал. Жа­йында чыгышындагы кысыктарда (Гудзон, Дей­вис, Ланкастер), о. эле материк жээктериндеги булуң-кысыктарда муз салыштырмалуу аз бо­лот. Түндүгүнө арктика чөлү, түштүгүнө мамык чөп-эңилчектүү ж-а мамык чөп-бадалчалуу тун­дра өсүмдүктөрү мүнөздүү. Жаныбарлардан түн. бугусу, ак аюу, ак түлкү, лемминг, тундра чили, эндемиктерден койбука (овцебык), жээк суула­рында тюлень, кит, атлантика моржу мекен­дейт. Деңиз промысели, балык кармоо, аңчы­лык өнүккөн. Табияты коргоого алынган ири улуттук парктары: Сирмилик ж-а Ауюиттук (Баффин Жери а-нда), Куттинирпаак (Элсмир а-нда), Аулавик (Банкс а-нда). Негизги калк­туу пункттары: Фробишер-Бей (Баффин Жери а-нда), Кембриж-Бей (Виктория а-нда), Резоль­ют (Корнуоллис а-нда). Элсмир а-нда дүйнөдө эң түндүктөгү (82,50 түн. кеңдикте, Түн. уюлдан 834 км аралыкта) Алерт калктуу пункту орун алган. Девон – дүйнөдөгү эң чоң калк жашаба­ган (аянты 54 миң км2) арал.


Ад.: Антипова А. В. Канада. Природа и естественные ресурсы. М., 1965.