КАНАДА КАЛКАНЫ
КАНА́ДА КАЛКАНЫ – Түн. Америка платформасынын түн. бөлүгүн, Гренландияны дээрлик бүт кучагына алган, кембрий мезгилине чейинки бүктөлгөн фундаменттин жер бетине чыгып калган урчугу. Тоо тектери өтө күчтүү метаморфизмделген, граниттешкен, к. Түндүк Америка (геол. түзүлүшү).