КАЛЬКА (башка тилдеги сөздүн которулуп алынышы)
КА́ЛЬКА – башка тилдеги сөздүн, туруктуу сөз айкашынын жасалыш үлгүсүнө ылайыкталып, экинчи бир тилге которулуп алынышы же сөздүн да ошондой мааниге ээ болушу. Кальканын лексикалык, фразеологиялык, семантикалык деген үч т үрү бар. Сөздүн жасалышы боюнча кандай бөлүктөрдөн, морфемалардан турганына карай которулуп алынышы л е к с и к а л ы к (мисалы: красный уголок – кызыл бурч), туруктуу сөз айкашынын сөзмө-сөз которулуп алынышы ф р а з е о л о г и я л ы к (мисалы: крылатая мысль – эркин ой), айрым (тике) маанилери боюнча дал келген сөздүн дал келбеген (көбүнчө өтмө) маанисине окшоштурулуп, экинчи тилдеги сөздүн да ошондой мааниге ээ болушу с е м а н т и к ал ы к калька (мисалы: член – мүчө жана башка ) болот.