ЖЕХАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:52, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕХАЙ (Жэхай, кытайча жэ – жылуу, хай – деңиз) – тарыхый топоним, Кыргызстандагы Ысык- Көлдүн байыркы кытай тилинде аталышы. Алгач 630-жылы Орто Азия (а. и. Куча, Аксуу шаарлары жана Бедел ашуусу, Суйаб шаары) аркылуу Индияга сапар алган кытайлык саякатчы (будда дининин кечили) Сюань-цзандын «Улуу Тан династиясынын учурундагы Батыш аймактарга жасалган саякат» («Да Тан Сиюй цзи») эмгегинде эскерилет. Анда саякатчы «Муздуу тоолордон 400 ли (Н. Я. Бичурин боюнча 1 ли 5 чакырымдан ашык аралык) өткөндөн кийин чоң Тунук (же Көк) көлгө (башкача аталышы Жэхай – Ысык-Көл же Сян Хай – Туздуу көл) келдик. Анын айланасы 1000 лиден ашык; чыгыштан батышка карай узун, түштүктөн түндүккө карай кууш болуп, туш тарабын тоолор курчап, ага ар кандай көп суулар куят. Көлдүн түсү көп-көк, даамы ачуу туздуу. Көл үстүндөгү чоң-чоң толкундар жээкке катуу урунуп турат» деп белгилеген. Мындан тышкары кытай адабиятында Тяньчи, Цинчжи, Йе-хэ, Суй-йе-шуй, Яньхай, Жехай ж. б., 18– 20-кылымдарда Тузкуль, Жэхай, Тэмурту-Нор деген да аталуулар кездешет. Ысык-Көлдөн башка дагы бир нече көлдү Жехай деп аташат.

Ад.: Григорьев А. А. Закономерности строения и развития географической среды. М., 1966; Исаев Д. Жер-суу аттарынын сыры. Ф., 1977; Кыргыз жер­геси. Ф., 1990; Зуев Ю.А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002; Умурзаков С. Географическая изученность Кыргызстана до середины XIX века. Б., 2021.