ИНДОЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:15, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДО́Л , 2, 3 – б е н з о п и р р о л, С8Н7N – ароматтык бирикме, жагымсыз жыттуу, түссүз кристаллдар. Молекулалык массасы 117,18, эрүү t 52°С, кайноо t 153°C. Индол ысык сууда, органикалык эриткичтерде, суюк аммиакта эрийт. Таш көмүр ча­йырында, кээ бир эфир майында кез­дешет. Индол таш көмүр чайырынын наф­тилин фракциясынан дегидрирлөө ж-а андан ары циклдештирүү м-н алынат. Индолдун бирикмелери биологиялык активдүү заттар, мисалы, 3-индолилук­сус кислотасы, серотонин ж. б. Индол гете­роауксинди, триптофанды син­тездөөдө, парфюмерияда колдону­лат.