ДОЛОН (ашуу)
ДОЛОН – Ички Теңир-Тоодогу ашуу; Байдулу жана Соң-Көл тоолорунун кесилишинде. Сары- Булак жана Кичи Кара-Кужур сууларынын алабын бөлүп турат. Бийиктиги 3030 м. Ашуу антропогендеги тектоникалык кыймылдын тездешинен жогору көтөрүлгөн. Айланасындагы чокулар ашуудан 200 – 300 м көтөрүңкү. Ашуудан өткөн жолдун рельефи анча татаал эмес. Сары-Булактын өрөөнү жак капталы жантайыңкы, Кичи Кара- Кужур капчыгайына тик түшөт. Тоолор негизинен ортоңку ж-а үстүнкү девондун кызыл түстүү кум, шагыл, сланец, акиташ теги жана үстүнкү карбондун трахит, базальт, дацит-липариттүү порфирит, туф тектеринен турат. Айланасынын табияты кооз. Ашуу аркылуу Биш-

кек – Торугарт автомобиль жолу өтөт. Географиялык терминологияда «Долон» кыр, жал, кырка, тилке дегенди билдирип, топонимдердин аталыштарында колдонулат. Этимологиясы так аныктала элек. Генеологиялык уламыштырда кыргыз элинин түпкү аталарынын бири – Долон бийге байланыштырылат.
Географиялык топоним катары Долон (Dulán) алгач Мухаммед Хайдардын (1499/1500–1551) «Тарих-и Рашиди» деген эмгегинде «Оорук-Там» (Uruk; Уруктам) менен бирге эскерилет.