ИНТУИЦИЯ
ИНТУИ́ЦИЯ (лат. intuitus – көз караш, көрүү, тигиле кароо) – көрө билүү, көз салуу, байкоо жүргүзүү, ошондой эле шыктануучулук, көңүл эргүү сыяктуу рухий көрө билүүчүлүк, тажрыйбага негизделбеген ой жүгүртүү аркылуу түшүнүү; көзү ачылуу, олуялык кылуу, аян берүү. Илимий адабиятта интуиция деп акыйкатка алдын ала логикалык ой жүгүртпөй же далилдеп олтурбай эле тикеден тике жетүү мүмкүнчүлүгү же жөндөмү. 20-кылымга чейинки философияда интуиция таануунун өзгөчө формасы катары каралып келген. Азыркы батыш философиясында ж-а психологиясында интуиция турмуштагы практика ж-а логика м-н сыйышпаганын билүү мистикалык жөндөмдүүлүк катары каралат. Марксисттик философиянын чегинде интуиция таануунун белгилүү бир элементи катары каралат. Илитмий таануунун процесстери, ошондой эле дүйнөнү өздөштүрүүнүн ар түрдүү формалары дайыма эле логиканын ж-а фактылардын негизинде далилденбейт. Көп учурда адам татаал кырдаалды ойлоо аркылуу деле билет. Мисалы, согуш учурундагы салгылаштарды, оорулуунун диагнозун, кылмышкердин күнөөлүү же күнөөсүз экендигин логиканын татаал формаларын пайдаланбастан эле, дароо аныктоого болот. Ошондуктан логика м-н илимдин күчү жетпеген татаал ж-а белгисиз нерселерди билүүдө интуициянын ролу зор. Интуицияны акылга сыйбаган же акылдан ашып түшкөн нерсе деп эсептөөгө болбойт.