ИНТОНАЦИЯ (музыкада)
ИНТОНА́ЦИЯ м у з ы к а д а – 1) өз ара байланыштуу бир нече мааниге ээ музыкалык теориялык ж-а эстетикалык түшүнүк. Кеңири мааниде – музыканын үн катарларынын бийиктете уюштурулушу. Музыкалык интонация речтик белгилөөдөн үндөрдүн бийиктиги ж-а алардын лад системасына багынгандыгы м-н айырмаланат. Интонация деп кээде экспрессиялуулук, синтаксистик, мүнөздөмөлөөчү, жанрдык мамилелер м-н шартталган музыкалык ой айтуу манерасын түшүнөбүз. Музыкалык интонация жөнүндөгү окуу антикалык мезгилде башталып, орто кылым ж-а Кайра жаралуу доорунда, андан кийинки мезгилдерде да улантылган; 2) музыкалык тондордун бийиктигин ж-а алардын айкалышын акустикалык тактыкта кайра уктуруу ченеми; 3) белгиленген үн бийиктиги бар музыкалык аспаптарды жасоодо ж-а толгоодо алардын ар бир үнүнүн бийиктиги, катуулугу ж-а тембри боюнча тегиз ж-а так угулушу.