ИНТЕРНАЦИОНАЛ (Ысык-Ата районундагы кыштак)
ИНТЕРНАЦИОНА́Л – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Интернационал айыл округуна караштуу. Ысык-Ата суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кант шаарынан 15 км түштүк-чыгыш тарапта. Кыштактын түндүгүнөн Чыгыш Чүй каналы өтөт. 1984-жылы Боз-Бармак ж-а Фриденфельд кыштактары кошулуп, Интернационал аталган. Кыштак 1927-жылы негизделген. Калкы 3106 (2007); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто ж-а башталгыч мектеп, клуб, китепкана, бала бакча бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануучу жайлар иштейт.