ИНТЕРИОРЛОШТУРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:48, 29 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕРИОРЛОШТУРУУ (лат. interior – ич­ки) – адамдын психикасынын ички структура­сын сырткы социалдык ишмердүүлүктүн форма­ларын өздөштүрүү аркылуу калыптандыруу. Аталган түшүнүк француз психологдору Пьер Жан, Жан Пиаж, Анри Валлон тарабынан илимге киргизилген. Аталган авторлор интериорлоштуруу тү­шүнүгү аркылуу индивиддер ортосундагы мами­лелердин психиканын ички структураларында чагылышын ж-а аң-сезимдин ички планын аныктаган аң-сезимсиздиктин калыптануусун түшүндүрүүдө пайдаланышкан. Орус психологу Выготскийдин пикири боюнча интериорлоштуруу индивид тарабы­нан адамдык баалуулуктарды ж-а руханий бай­лыктарды өздөштүрүү аркылуу психиканын чы­ныгы формаларын калыптандыруу болуп саналат.