ИНТЕРВЬЮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:35, 29 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕРВЬЮ́ (англ. interview – аңгемелешүү, маек) – публицистика жанры; журналисттин коомдук маанилүү маселелер боюнча бир же бир нече адам м-н болгон маеги. Интервьюну көбүнчө мамлекеттик, коомдук ишмерлер, белгилүү адамдар ж. б. бе­рет. ММКда кеңири таралган. Интервью негизинен ма­алымдоо жанры гана эмес, аналитикалык же көркөм-публицистикалык жанр болуп эсептелет. Милдети – жаңылыкты кабарлоо, коомдук пикир жаратуу.
Өзгөчөлүгү – ошол жаңылыктагы кайсы бир өзгөчө себептерге байланыштуу окурмандар үчүн маанилүү болгон пикирлер жеке адам аркы­луу бериле тургандыгында. Интервью теманын чегинде ж-а эркин (тема, суроо, түзүлгөн кырдаал ж. б. м-н аныкталат) түрдө болот. Интервью жанры, негизи­нен, кабарлоо интервью ж-а түшүндүрмө интервью болуп эки топко бөлүнөт, биринчиси – журналист м-н маектештин ортосундагы суроо-жооп. Экинчи­си – сүрөттөмө, «тегерек стол», пресс-конферен­ция, брифинг, анкета. ММКнын түрүнө карата интервью радиоинтервью, телеинтервью ж. б. болуп бөлүнөт. Интервьюнун сапаты журналисттин алдын ала даярдыгына жараша болот.