ИНТЕЛЛЕКТ
ИНТЕЛЛЕ́КТ (лат. intellectus – акыл, эс) – акыл, ой жүгүртүүгө болгон жөндөмдүүлүк, сезим органдары тарабынан кабыл алынган нерселерди билимге айландырган же мурдагы билимди сынга алган ж-а анализдеген акыл-эстин функциялары (салыштыруу, абстракция, түшүнүктөрдү, пикирлерди, ой бүтүмдөрүн ж. б. пайда кылуу). Орто кылымдарда эле эрк интеллектке баш ийеби же тескерисинче интеллект эрк тарабынан башкарылабы деген курч талаш маселе коюлган. Биринчи көз карашты Фома Аквинский, экинчисин Дунс Скот ж-а Уильям Оккам ж. б. англиялык ойчулдар жакташкан. Интеллект да, эрк да объективдүү жагдайлардан көз каранды, ал эми Интеллект рухий чөйрөнүн курамына кирүү м-н психикалык чөйрөнүн элементи болуп эсептелген эрктен бир кыйла жогору турат деген түшүнүмдөр үстөмдүк кылат.