ИНТЕГРАЦИЯ (этнология илиминде)
ИНТЕГРА́ЦИЯ (лат. integratio –калыбына келтирүү, толтуруу; integer – бүтүн) – этнология илиминде этносторду бириктирүү процессиндеги көрүнүштөрдүн бири. Бир мамлекетте же ири аймакта чогуу жашап, тили, маданияты, үрп-адаты, салттары бири бирине окшобогон элдердин ортосунда жалпы элементтердин пайда болуу процесси. Бул процесс жаңы этностук топтун пайда болушуна алып келбестен, эки же андан көп этностордун ортосунда тилдик окшоштуктарга, маданий системалардын жалпылыгына алып келет. Дүйнө элдеринин тарыхый, этномаданий өнүгүүсүндө И. Процесси прогрессивдүү ролду ойноп келген. 19-кылымдын 2-жарымынан Орто Азиянын отурукташкан элдеринин ж-а келгиндердин таасиринин натыйжасында кыргыз элинин салттуу жашоо-тиричилиги кескин өзгөрө баштап, 20-кылымда Кыргызстанда ар кандай маданияттар м-н жалпылык белгилери пайда болгон. Коммунисттик идеологияга ылайык жалпы совет суперэтносун түзүү максатында Советтер Союзунда жашаган бардык элдердин улуттук, жергиликтүү өзгөчөлүктөрүн, тилин дагы жоюп, орус тилинин ж-а маданиятынын негизинде жаңы совет элин түзүү болуп эсептелген. Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романында интеграциянын айрым терс көрүнүштөрүнүн бири– «маңкуртчулук» идеясы чагылдырылган.
А. Көчкүнов.