ИНТЕГРАЦИЯ (саясатта)
ИНТЕГРА́ЦИЯ с а я с и й– кандайдыр бир бөлүктү ж-а элементтерди бир бүтүнгө бириктирүү; коомдук, мамлекеттик структуралардын мамлекеттин чегинде же андан кеңирээк мамлекеттер аралык биримдикке кошулуусу. Мамлекеттер аралык интеграция улуттук саясий органдардын эгемендик укуктарынын бөлүктөрү берилген бийликтин жаңы ин-ттарын түзүү жолу м-н ишке ашырылат. Интеграция элдер м-н мамлекеттердин өз ара байланышынын өсүшү илимий-техникалык прогресс м-н тездетилген бардык коомдук турмушту интернационалдаштыруунун негизинде өнүгөт. Интеграциянын катышуучулары – бийликти ишке ашыруу ж-а коомдук башкаруу м-н байланышкан, белгилүү саясий функцияларга ээ уюмдар, топтор. Аларга атайын түзүлгөн трансулуттук институттар сыяктуу эле, улуттук-мамлекеттик институттар (өлкөлөрдүн мамлекеттик механизмдеринин бөлүгү, партиялар, профсоюздар, ишкерлер союзу ж. б.) да кирет. Саясий ишмердүүлүктүн субъекттеринин интеграциясынан башка, чарбалык-саясий, социалдык-саясий, административдик-саясий, аскердик-саясий ж-а тышкы саясий ишмердүүлүктүн чөйрөлөрүндө алар иш жүзүнө ашырган саясий функциялардын кошулушу жүргүзүлөт. Интеграция процесси 20-кылымдын 50-жылдарында түзүлгөн европалык коомчулуктардын (ЕОУС, ЕЭС ж-а Евратом) базасында Батыш Европада алдыга жылган. Коомчулуктардын катышуучулары – өлкөлөрдүн экономикасын активдүү трансулутташтыруу алардын башкаруу механизмдеринин өзгөчөлүктөрүнө алып келет, коомдук мамилелердин мүнөзүнө ж-а структурасына, коомдук идеологияга, калктын жашоосуна таасир тийгизет.