ИНСЦЕНИРОВКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:54, 28 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНСЦЕНИРО́ВКА – 1) драма түрүндө жазылба­ган адабий чыгарманын сахна үчүн кайрадан иштелген варианты. Инсценировкалоону Россияда бирин­чи жолу А. Шаховский баштаган (В. Скоттун ж-а А. Пушкиндин чыгармаларына). 19-кылымдын 2-жарымына мүнөздүү романдан өзү каалаган­дай «пьеса бычып алууну» В. Немирович-Дан­ченко четке кагып, МХТнин сахнасына оюнду роман формасында алып чыгууну көздөгөн. 20- кылымдын орто ченинде даректүү прозаны инсценировкалоо ке­ңири тараган. Кыргыз жазуучуларынан айрык­ча Ч. Айтматовдун чыгармалары көп инсценировкаланган. Инсценировкалоого айрыкча радио уктурууда ж-а теле­көрсөтүүдө көп көңүл бурулат.